Каракол: Кыздар ала качып кеткенде арыз жазууга үйрөндү

Каракол шаарында ала качууга каршы акция өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери ала качып кеткен кыздар тартип коргоо органдарына кайрылса болоорун айтып, арызды кантип жазуу керек экенине үйрөтүштү.

Иш-чараны "Айкын багыт" уюму Караколдогу Балдар жана өспүрүмдөр үчүн укуктук маалымат борбору менен биргеликте уюштурду. Ага 10-11-класстардын окуучулары катышты. "Эгер сени ала качып кетишсе, милицияга кайрыласыңбы?" деген суроого 24 кыздын баары тең адегенде "билбейм" же "жок" деп жооп берген. Ал эми милиция кызматкерлери менен жолугушуудан кийин баары тең "ооба" деп жооп берди.

Иш-чаранын соңунда окуучуларга ала качканда кантип кимге кайрылуу керек экени жөнүндө маалымат камтылган атайын китепчелер таратылды.

Укук коргоочулардын айтымында, жылына Кыргызстанда он миңден ашуун кызды ала качып, турмушка чыгууга мажбурлашат. Бирок кийин алардын жарымы ажырашып кетет. Ызасынан өз жанына кол салган учурлар дал ушул Каракол шаарында бир нече жолу катталган.

Кечээ Жогорку Кеңеш ала качкандарды кылмышкер деп таап, 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун экинчи окулушта кабыл алды. Эми бул долбоор үчүнчү окулушта да каралышы керек. (RK)