Таласта күзгү талаа иштери 25% гана аткарылды

Быйыл өкмөттүн бекиткен программасы боюнча 13 миң гектар жерге күздүк айдоо керек болсо, ушул күнгө чейин 3700 гектар жер айдалган. Муну менен облус алдыга коюлган пландын 25,2 процентин гана аткарды.

Бирок өкмөттүн Талас облустук өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин айтымында, күзгү айдоо иштери өткөн жылдагыга караганда 1400 гектарга көбүрөөк айдалган.

Айыл чарба тармагындагы адистер бул чөлкөмдө кылкандуу дан эгиндеринин аянты жыл сайын кыскарып, анын ордуна төө буурчакты өстүрүү жайылып жатканын айтып келишет. (MbA)