Мурсинин жактоочулары жана сынчылары мушташа кетти

Каирде президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен анын каршылары ортосунда өткөн тирешүүдө 100дөн ашуун адам жарадар болду. Бул Мурси үч ай мурда тактыга отургандан берки биринчи кагылышуу. Араздашкан тараптар бири бирин таш бараңга алып, темир жана башка таяктар менен сабашты.

“Мусулман агайиндерди” ташыган эки автобус өрттөлдү. Мушташка полиция аралашкан жок. Мурсинин каршылаштарынын айтышынча, президент 100 күндө бүткөрөм деген иштерди аягына чыккан жок, экономиканы жандандырган жок. Мурси “Мусулман агайиндер” менен башка исламчыл партиялардын мамлекетти исламдаштыруу аракетине таназар бербейт деп да сындалды.

Мурсинин колдоочулары "Мухаммед Мурси бийликке оор учурда келди, Хосни Мубарактын авторитардык башкаруусу тушунда тамыр жайган жемсөөлүктү жок кылуу үчүн көбүрөөк убакыт керек" дешүүдө.