Пакистанда талиптер өспүрүмдү атышына каршы нааразылык акция өттү

Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында кичинекей тынчтык активистинин атылышына нааразы болгон 100дөн ашык иши демонстрация өткөрдү. 14 жаштагы Малала Юсафзая деген кыз класташтары менен бараткан кичи автобус ушул шейшембиде кыздардын мектебинен чыккандан кийин аткыланган.

Бир кезде шарият мыйзамы орноп, кийин өкмөттүк армия талиптерди жеңген Сват ооданынын баш калаасы Саиду Шарифтеги кол салуу үчүн жоопкерчиликти талибан өзүнө алды.

Юсафзайдын кыздар кайра окуй баштаганы тууралуу кубанып интернетте жазган блогун талибан «абийирсиздик» деп мүнөздөдү.

2009-жылдагы ал блог каттарында талиптердин канкордугун ашкерелеп, Сват элинин талиптердин кол алдындагы тагдырын сүрөттөгөнү үчүн Юсафзай Пакистандык жана эл аралык сыйлыктарга татыган. Кечээ дарыгерлер анын баш сөөгүнөн окту алып чыкканы кабарланган. .