Жапон компаниясынын соңку жарыясына караганда, ал бүткүл дүйнө боюнча 7 миллион 430 миңдей унааны айнекти ачып-жабууга ток берген жабдуудагы бузукту оңдоо үчүн чакыртып алууда.
"Тойотанын" айтымында, ал мындай чараны өндүрүштөн 2005-2010-жылдары чыгарылган автоунаалар боюнча АКШ, Кытай, Европадан ондогон даттануулар түшкөндөн кийин көрүп жатат.
Компания миллиондогон унааны чакыртып алуунун чыгымы канча турарын айткан жок. Буга чейинки мындай ири окуя 1996-жылы болгон. Анда "Форд" компаниясы 8 миллиондой унааны от алдыруучу тетигиндеги бузукту оңдоо үчүн чакырткан. (UE)