Конституциялык палата судьяларын тандоонун 3-туру башталат

Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сот алдындагы Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун 3-турун баштайт. Кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, үчүнчү турга 25 талапкер өттү.

Эми бул турда кеңеш мүчөлөрү аталган талапкерлерге добуш берип, эң көп добуш алган 9 талапкердин тизмеси беш күн ичинде президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Президент талапкерлерди иргеген соң бекитүү үчүн парламентке алып чыгат.

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.(BkA)