Нобель сыйлыгынын акчалай өлчөмү төмөндөтүлөт


Эмки жумадан тарта Нобель сыйлыгынын лауреаттары белгилүү боло баштайт. Мунун алдында Нобель фонду сыйлыктын көлөмүн азайтууну чечти. Атап айтканда, 10 миллион швед кронасы же 1 жарым миллион доллардын ордуна эми 8 миллион крона же 1, 2 миллион доллар берилмекчи. Фонддун айтымында, бул – аргасыз кадам, себеби эмки жылдарга да каражат калтыруу зарыл. Быйылкы алгачкы лауреттар дүйшөмбүдө,акыркысы – тынчтык сыйлыгынын ээси жума күнү аталмакчы.