Күч түзүм башчылары парламентке маалымат берүүдө

Ушу тапта Жогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн башчылары кечээ парламенттин алдында болгон окуя боюнча маалымат берип жатат. Кылмыш иштин козголуш себептери, жагдайлары жана учурдагы өлкөдөгү коомдук-саясый абал тууралуу айтылууда. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, камалган депутаттардын бошотулушун талап кылган митинг Жалал-Абадда өтүп жатат, ага 300-350 адам катышууда.

"Жер-жерлерде ушу сыяктуу нааразылык акциялары өтүшү мүмкүн деген маалымат бар. Бирок андайларга каршы чыгабыз дегендердин антимитингдери да уюштурулушу мүмкүн", - деди министр. (RK)