Чехияда парктардын бирине Политковскаянын аты берилет

Карловы Вары шаарындагы парк

Чехиядагы курорттук шаарлардын бири Карловы Варыдагы парк эми Орусияда киши колдуу болгон журналист Анна Политковская атындагы парк болуп өзгөртүлөт. Баш кеңсеси Прагада жайгашкан “Муктаждыктагы адамдар” деген адам укугун коргоочу уюмдун директору Марек Свобода кечээ билдиргенине караганда, уюмдун бул боюнча демилгесин Карловы Варынын бийликтери колдошту жана атты ыйгаруу боюнча иш-чара бүгүн өтүшү күтүлүүдө.

Политковскаяны 2006-жылы Москвадагы үйүнө кире бериште белгисиз бирөө атып кеткен. Ал Чеченстандагы согуш жөнүндө көптөгөн макалаларында орус өкмөтүн катуу сындап келгени белгилүү. Журналисттин өлүмү боюнча ачылган кылмыш иши азырга чейин аягына чыгарыла элек. Кылмышка шектүү делген алты адам кармалган, бирок орус бийликтери дале иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышууда. Карловы Вары орус тилдүү туристтер ичинде популярдуу курорттук шаар катары белгилүү.