ПАСЕ Орусияны “демократиядан тайып баратат” деп сындады

Бул боюнча резолюция кечээ Страсбургда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) жыйынында Орусиядагы абал боюнча доклад окулгандан кийин кабыл алынды. Резолюцияда орус өкмөтү сөз эркиндигин чектеп, сотторго саясий басым жасап жатканы, адам укуктарын чектегени айтылат.

Орусия ПАСЕге 1996-жылы мүчө болгон жана бир топ милдеттенмелерди аткарууга сөз берген. Парламенттик Ассамблея бул өлкөдөгү абал тууралуу резолюцияны 2005-жылдан бери алгачкы ирет кабыл алып отурат. Орусиянын делегациясы документке нааразылык билдирип, “бул Москва менен Страсбургдун мамилесин бузат” деди.