Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыл калем чебери Үсөн Сарыбаевдин көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн 150дөн ашык эмгеги коюлган. Булардын ичинен барандуусу “Кыргыздар” портрети. Узундугу төрт, туурасы 2 метр сүрөттө Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов баштаган 200гө чукул таанымал инсандарынын элеси бар. Үсөн Сарыбаевдин айтымында, Рыспай Абдыкадров анын негизги темаларынын бири. Айтылуу обончунун баш-аягы 8ге жакын портретин тартып, анын өмүр жолу тууралуу “Эңсеген менин обонум” аттуу китеп жазган.(ST;ZKo)