Бишкек-Торугарт жолун Жибек-Жолу – Калинин көчөлөрүнүн кесилишинен бууган элди Аламүдүн РИИБнүн милициясы таратты. Жол бууган тургундардын бири Даут Шайдиновдун "Азаттыкка" кабарлашынча, жаңы конуш жашоочулары үч жылдан бери электр энергиясыз, суусуз жана жолсуз жашап келатышат. Алар буга чейин да ар кайсы эшикти каккылап, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын белгилешүүдө. Жол буугандар бүгүн күндүз өздөрү жашаган конушка электр энергиясын тартып берүүнү өтүнүп, Энергетика министрлигине барышкан. Шайдиновдун айтымында, андан кийин электр, суу, жол маселесин чечип берүү талабын коюп, Ак үйдүн алдында бир-эки саат митинг өткөрүшкөн, бирок өкмөт үйүнөн эч ким чыгып, дооматын уккан эмес. Кечке жуук бийликтин көңүлүн буруу аракети менен жол бууганга барышкандыгын айтат Шайдинов.
Нааразылык акциясына чыккандар менен Чүй облусунун губернаторунун орун басары, Аламүдүн районунун акими жана Лебединовка айылынын айыл өкмөт башчысы жолугушту. Алар маселени карап көрүп, аны чечүүгө берген убадасына тургундар макул болбой, энергетика министринин келишин талап кылышууда.
Лебединовка айылындагы 28,5 гектар жерге 2010-жылы түшкөн жаңы конуштун аталышы жок. Анда эки жылдан бери 50 түтүн чамалуу эл жашайт. (ZKo)