Тилсиз калган эл

Сүрөттө: Таш-Кыя айылы. Кыргызстанда сарт калмактар көбүнесе Караколдун айланасындагы ушул өңдөңгөн айылдарда отурукташкан.

Сарт калмактардын үрп-адаты, каада-салты кыргыздан көп деле айырмаланбайт. Сүттөлгөн чайды калмак чай дешет. Калмак нан, кыйма кесме, эткен чай деген азыктары бар. Кыргыздарга окшоп, эжигей (сырдын түрү) дегенди билбей калышкан.

Сарт калмактар Караколдогу орустар, татарлар менен аралашып, илимге эртерээк жетишкен. Арасында жогорку билим алып, чоң кызматтарды ээлеп, илимпоз, агартуучу болгондор советтик доордун алгачкы жылдарынан эле көп чыккан.

Сүрөттө: Токтобек Жолдошевдин пионер кези. Караколдогу алгачкы мектеп, ликбездерде көбүнесе сарт калмактардын балдары окуган. 20-кылымдын башында 10 мектеп болсо, тогузунда сарт калмактар болгон.

Көп жылдар орус тилинен мугалим, мектеп директору болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан Токтобек Жолдошев 1990-жылдары Калмыкиядан калмак мугалимдерди алып келген. Алар эки жылдан кийин кетип калган. Элистага бир нече улан-кыз барып окуп келген, бүгүн алар кайда болду экен?

Токтобек Жолдошев өмүрлүк жубайы Эркингүл Абдыке кызы, кыз-уулдары менен. Жубайы мындан эки жыл мурда кайтыш болгон. Токтобек аксакал жубайына көп ырларды арнаган, азыр да калемин колунан түшүрбөйт.

Токтобек Жолдошевдин энеси кеминдик кыргыз, атасы Байым баакы уруусунан чыккан сарт-калмак болгон (сүрөттө). Атасы кыргызча билген, бирок Кытайда төрөлгөн карындашы Зилхан өмүрү өткөнчө калмакча гана сүйлөгөн.

Сүрөттө: Челпек айылындагы Чынгыз Хан дүкөнү. Чынгыз хан биринчи кезекте моңголдор туу туткан баатыр. Калмыкиядагы калмактар - татар-моңгол баскынчылыгынан кийин жолдо калып калган моңголдор. Кыргызстандагы сарт калмактардын тарыхы Кытайдагы калмактарга көбүрөөк байланышкан.

Сүрөттө: Челпек айылындагы дүкөндүн терезесинен карап турган кыз. Токтобек аксакалдын айтымында, намангандык "сарттар" (алар намангандык кыргыздар болгон болушу да мүмкүн) Кытайга 18-кылымда барып, ошол жактык калмактар менен аралашкан.

Сүрөттө: Таш-кыя айылынан көрүнүш. 19-кылымда сарт-калмактар Кытайда кыргыздар менен аралаш жашап, кийин Каракол тарапка келишкен. Орус падышачылыгы аларга жер бөлүп берген. Караколдо сарт-калмактар орус, татарлар менен алыш-бериш мамиледе болгон.

Сүрөттө: Таш-Кыя айылынан көрүнүш. Бүгүн Кыргызстанда миң түтүн сарт калмак бар, алардын көбү Караколдун айланасындагы Бөрүбаш, Челпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу айылдарында жашайт.

Токтобек Жолдошев калмак тилинде  эркин сүйлөйт, бул тилде ыр да жазат, "Азыр тил кескендей калмакча эч ким сүйлөбөйт" дейт.

Сүрөттө: Токтобек Жолдошев жээни, келини, кудагыйы менен. Келини Айнагүл (оңдо) кыргыздын кызы. Сарт калмактар кыргыздар менен эбактан кыз берип, кыз алышып, камыр-жумур болуп калган.

Сүрөттө: Таш-кыялык балдар. Токтобек Жолдошев сарт калмактар тууралуу сыймыктануу менен сөз кылат. Анын айтымында, Лениндин чоң энеси калмак болуп, небересине сүттөгөн калмак чай берген.

Сүрөттө: Таш-Кыя айылынан бир көрүнүш. Бүгүн сарт калмактар Кыргызстандагы эң ассимиляциялашкан эл, бирок калмак тилинин жоголушу менен кыргыз коомунда дагы бир өзгөчөлүү маданият, кыргыздарды сырткы дүйнө менен байланыштырган дагы бир "илинчек" жоголуп баратат.