Ошто кыйналып өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан кечээ киши колдуу болуп өлгөн аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, өлгөн адамдын ким экени аныкталып, ал Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылынын 24 жаштагы тургуну Эркинай Якубжанова болуп чыкты. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, аял кыйноо менен өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 26 жаштагы М.М. жана 19 жаштагы
М.Ш. аттуу тургундары кармалып, сурак берүүдө. (SE)