"Ата Мекендин" жыйыны өттү

22-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык жыйыны өттү. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык тууралуу сөз болду. Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Токтосартов партиянын Бишкек боюнча уюштуруу иштеринин төрагасы болуп шайланды.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо ушул жылдын 5-октябрында өтмөк, бирок Жогорку Кеңеш "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизген өзгөртүүгө байланыштуу шайлоо 30-ноябр өтмөкчү. (AKu)