Аксылыктар милицияга нааразы

Аксы районунун Кара-Жыгач айлынын тургундары бүгүн райондук милиция бөлүмүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышат. Буга ушул айылдын жашоочусу Эсен Момбековду "милиция кызматкерлери өлтүрүп койду" деген cөздөр себеп болуп жатканын адвокат Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, милиция кызматкерлери “ооруканадан өлдү” дешкен маркум Момбековдун сөөгүнө көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн кезде анын баш сөөгү үч жеринен сынып кеткени аныкталган. Жайчыбековдун билдиргени боюнча, жергиликтүү эл бул ишти жашырып жатат деп Аксы РИИБинин жетекчилигине нааразы. Бүгүнкү акцияда райондук милиция бөлүмүнүн жетекчисин кызматтан кетирүү жана Момбековдун өлүмүнө күнөөлүү милиционерлерди жоопко тартуу талаптары коюлмакчы.

Жергиликтүү милиция маркум башы канжалап жаткан жеринен табылып, ооруканага жиберилгенин белгилөөдө. РИИБинин жетекчиси Абдурашид Керимбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал бул ишти иликтөөсүн өтүнүп, райондук прокуратурага кайрылган. Азыр прокуратура иликтөө жүргүзүп баштады. (YA;ZKo)