Казакстандын батышында террорчу деп шектелген беш адам жок кылынды

Антитеррордук операция өткөрүлгөн жер. 12-сентябрь, 2012-жыл.

Казак коопсуздук күчтөрү өлкө батышындагы Атырау облусунун Кулсары шаарында, көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирине жашынып алган согушкерлерди колго түшүрүү операциясын бүгүн эртең менен башташкан.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, операция учурунда алардын бешөө жок кылынып, бирөө оор жараат алды.

Коопсуздук күчтөрү менен жөн-жай тургундар арасында жоготуу болгон жок.

Расмий өкүлдөр белгилешкендей, жок кылынган согушкерлердин өткөн аптада Атырау шаарындагы мечиттин жанында бир адамды мерт кылган бомба жардыруусуна тиешеси бар.

Диний экстремисттерди жана террорчу деп шектелгендерди бутага алган антитеррордук операциялар Казакстандын батышында буга чейин да өткөрүлгөн. (UE)