Атамбаев: Инвесторлорго мамилени өзгөртүш керек

Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президент Кыргызстандын экономикасы өнүгүүсү үчүн кен байлыктарды иштетүү зарылдыгын, бирок сырттан келген фирмаларга лицензия ачык-айкын, таза берилиши керектигин айтты. Мындан сырткары кендер боюнча жакында үзгүлтүккө учураган аукционго, кен казган ишканаларды иштетпей жол тороо фактыларына көңүл бурду.

“Сырттан грант, насыя сурабай Кыргызстан өзүн өзү бага тургандай абалга жетиши керек. Карапайым элдин турмушун оңдоого өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Эгер экономика көтөрүлсүн десек, инвесторлорго мамилени өзгөртөлү. Инвесторлор үчүн Кыргызстан бейиштин төрү болуш керек”, – деди Атамбаев.

28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын аукцион өтчү залына 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыккан. 11-сентябрда Чаткалдагы кен казып иштеген “Спектр” компаниясынын жетекчилери ишкана лагерине 100дөй жергиликтүү тургун кирип барып, андагы төрт ишкананын жол курууга керек болгон 40тай жабдуусун алып кетишкенин кабарлашкан. Бирок Жалал-Абал облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов жергиликтүү тургундар “Спектрдин” лагерине кол салды деген маалыматты четке каккан. (КЕ)