МАГАТЭ Иранга эскертүү бериши мүмкүн

МАГАТЭнин директорлор кеңешинин Венадагы жыйынында Иран менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан “алтылык” “олуттуу кооптонуусун” билдириши мүмкүн. Бул тууралуу батыш маалымат каражаттары дипломаттарга таянып билдиришти.

Курамына Орусия, Британия, Кытай, АКШ, Франция жана Германиянын өкүлдөрү кирген “алтылык”, айрыкча, Ирандын Фордо аймагындагы жер алдындагы өзөктүк жайда акыркы айларда уран байытууда көлөм көбөйүп жатканына кыжаалат болуп жатышат.

Ушул аптанын башында МАГАТЭнин башкы директору Юкия Амано Иранды Парчиндеги өзөктүк объектке эл аралык инспекторлорду киргизүүгө чакырган. МАГАТЭ бул объектте өзөктүк курал жасоо үчүн атайын сыноолор болуп жатышы мүмкүн деп чочулап жатат. Батыш өлкөлөрү Иран уран байытып, өзөктүк курал жасашы мүмкүн деп шектенип келет. Иран болсо мындай айыптоолорду четке кагууда.