Владимир Путин АПЕКтин курултайын ачты

Азия, Тынч океан улуттарынын Владивостоктогу саммитин ачып жатып Орусиянын президенти Владимир Путин экономикалык протекционизмди ашыкча пайдалануудан сак болууга чакырды жана Орусия эл аралык соода эрежелеринин акыйкаттыгы үчүн күрөшөт деди:

- Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү катары биз акыйкат эл аралык соода эрежелерин калыптандырууга күжүрмөн катышабыз. Глобалдык бейстабилдүүлүккө туруштук бере албаган айрым секторлор үчүн атайын эрежелерди иштеп чыгуу зарыл.

21 мамлекет кирген Азия, Тынч океан Экономикалык кызматташтык уюмунун эки күндүк жыйынына жүздөгөн улук башкаруучулар жана өкмөт өкүлдөрү катышууда. Талкууларда суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана аймактагы экономикалык интеграция маселелерине басым жасалууда. АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон саммитте Владимир Путин менен өз алдынча жолугушат деп пландалган.

Путин бүгүн Кытайдын президенти Ху Цинтао менен көздөштү. Делегаттардын арасында Жапония, Түштүк Кореянын мамлекет башчылары, Эл аралык Валюта корунун директору Кристин Лагард да бар. АПЕКке кирген өлкөлөрдө дүйнө калкынын дээрлик 40 пайызы жашайт жана экономикасы дүйнөлүк экономиканын 55 пайызына туура келет.