Курман айттын болжолдуу күнү белгиленди

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын Уламалар кеңеши Курман айттын болжолдуу күнүн белгиледи. Муфтий Рахматулло ажы Эгембердиевдин “Азаттыкка” айтымында, Курман айт күнү деп 26-октябрь белгиленүүдө. Айт Орозо аяктагандан 70 күндөн кийин болот. Бул айдын чыгышына карап жылына айырмаланат.

Курман айт ажылыктын этегине туш келет. Бул күнү Мекеге зыяратчылыкка барган 2 миллиондой мусулман шайтанды таш бараңга алуу жөрөлгөсүн аткарышат. Курман айт Ибрагим пайгамбар өз баласын Кудайга садага чабуудан да кайра тартпагандыгын даңазалайт. (КЕ)