Ак-Суу санаторийи Атамбаевди кабыл алууга даяр

Ак-Суу санаторийинин азыр оорулар дарыланган имаратынын көрүнүшү. Бул санаторий советтик доордо СССРдеги нерв параличи менен төрөлгөн балдарды дарылаган бирден бир жай болгон. Азыр мында 50 чакты бала дарыланат.

Балдардын көбү өзү баса албагандыктан, санаторийдеги 50 чакты баланын жанында дайым энеси же башка туугандары жатат. Майып араба үчүн атайын жол салынбагандыктан майып балдардын көбү жарыкты терезеден гана көрүшөт.

Санаторийде кышкысы от жагылбай, ушул түтүк менен булактан келген суу менен жылытылат.

Сүрөттө: эне баласына ингаляция жасатып жатканда, медайым көз салып турат. Иммунитети начар, таза абага көп чыкпаган балдар сасык тумоо, ангина өңдөнгөн ооруларга да жакын болот.

Суу, массаждан тышкары, санаторийде электроферез менен да дарылашат. Санаторийде 50 чакты медициналык персонал күнү-түнү иштейт.

Санаторийдин күн тартиби так сакталат: таң атпай туруп, кечки ондо жатыш керек.

Массаж бөлүмүндө.

Санаторийдин жетекчиси Байыш Бейшенбаев Айдайды 20 жылдан бери дарылап келатат. Айдай азыр өзү басып калган, БГУда төртүнчү курста окуйт, келечекте банкта иштегиси келет.

Байыш Бейшенбаев Ак-Суу санаторийин 30 жылдан бери башкарат. Ал тубаса нерв параличи сыяктуу ооруларга бала энеси кош бойлуу кезинде доктурга такай көрүнүп турбагандан улам туш келишээрин эскертет.

Санаторийдин үч кабаттуу имаратында ремонт иштери былтыр президент А. Атамбаев келип кеткенден кийин башталган. Мында майып арабачандар үчүн атайын лифттер да бар - демек балдар эми сыртка кененирээк кирип-чыга алышат. Эми бүт Кыргызстан боюнча 150 бала зарыл мөөнөттө дарылана алышат.

Сүөрттө: санаторийди оңдоодо иштеген жумушчулар. Мында жаңыланган имаратта керебет, төшөнчү, жабдыктар коюла элек. Парламент ага 10 миллион сом качан бөлөөрү белгисиз. Депутаттар, соопчулук уюмдары жардам берип турушканы менен, күнүгө киши башына бөлүнгөн 40-60 сом өп-чап жетет.

Санаторийдин жанында шаркырап аккан Ак-Суунун добушу эле ооруга даба болсо керек. Бирок көп оорулар баса албагандыктан, капчыгайдын кооздугунан ыракат ала алышпайт.

Санаторийдин каршысындагы Жашыл-Төр эс алуу жайында адатта сырттан келгендер жүрөт.

Эс алабыз деп келип, таштандыларды туш келди таштап кете беришет.

Эс алабыз деп келип, таштандыларды туш келди таштап кете беришет.

Алтургай жөн турган бакты да кескилеп, "жаралантышат".

Санаторийдин кире беришинде жана суунун ар жагында ушул өңдөнгөн убагында падышачыл Орусиянын офицерлери үчүн курулган эски имараттар оңдолуп, музейге айландырылса, жергиликтүү балдар да, коноктор да Кыргызстандын тарыхынын бир барагы менен жеринде тааныша алышмак.

Ак-Суу санаторийинин жанындагы эс алуу жайларына ар ким келип эс ала алат. Алар мына ушундай ванналарга суу толтуруп алып түшүшөт. Билеттер жарым жана бир саатка деп сатылат.

Ак-Суу санаторийинин кире беришиндеги эс алуу жайларынын биринде сууга түшүүгө кезек күткөндөр. Дарыгерлер родон суусу 15 мүнөтөн ашык түшсө, эркектерде импотенцияны пайда кылышы мүмкүн экендигин эскертишет. Мында жылына 2-3 киши сууга көп түшкөндөн жүрөгү кармап көз жумат.

Ак-Суу санаторийинин кире беришиндеги эс алуу жайларынын биринде аялдар суудан кийин таранып отурушат.