Кылмыш-жаза кодексине “ушактоо” беренесин кайра киргизүү сунушталды

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов сунуштады. Ал эки жылдан бери Жогорку Кеңештин дарегине ар кандай ыплас сөздөр айтылып, депутаттарга “клоун”, “желмогуз”, “жегич”, “коррупционер” деген сөздөр тагылып, көөлөнүп жатканын белгиледи. Ар кайсы жерде бири-бирине ар кандай жалаа жаап, бирок жооп бербей жүргөндөр көбөйгөнүн белгилеген Эрматов Кылмыш-жаза кодексине “ушактоо, куру жалаа” беренесин кайрадан калыбына келтирүүнү сунуштады.

Кылмыш кодексиндеги мындай өзгөрүүлөр былтыр жайында кабыл алынган. Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда жалаа жабуу боюнча кылмыш куугунтугунун алынышын кубаттап чыгышкан. Кыргызстандын тарыхында “ушактады” деген кине менен буга чейин бир канча журналист айып пулга жыгылган эле. (КЕ)