Германияда Мюнхен трагедиясы эскерилүүдө

Бүгүн Германияда 1972-жылы Мюнхен Олимпиадасы маалында теракттан каза болгон израилдик 11 спортсменди эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Мындан туура 40 жыл мурун 5-сентябрда палестиналык 8 куралчан адам Мюнхенде спортсмендер жашаган комплекске кирип барып, Израиль командасынын 11 мүчөсүн барымтага алып, эртеси бирин калтырбай жок кылышкан. Германия полициясынын барымтадагыларды бошотуу операциясынан майнап чыккан эмес. Анын жүрүшүндө 5 согушкер атып өлтүрүлгөн. Кийин калган 3 кишини израилдик агенттер таап жок кылышкан.