Жаш лидерлер улутчулдукка каршы окуудан өттү

Көл жээгинде жаштар үчүн улутчулдук жана ксенофобияга каршы эл аралык медиа-лагер өттү. Аны Борбор Азиядагы Америка университети уюштурду. Иш-чарага Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40ка жакын улан-кыз катышты. Жаш лидерлер журналистика багытында билим алышты. Улуу Британия, Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан келген белгилүү медиа-эксперттер өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Медиа-лагерди уюштурууга Сорос-Кыргызстан фонду көмөктөштү. (RK)