АКШда демократиялык партиянын съезди башталууда

Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында башталчу съездге демократтардын талапкери президент Барак Обама катышат. Вице-президентикке талапкер катары кайрадан эле Жо Байдан калат.

Экс-президент Билл Клинтон Обаманын талапкерлигин расмий тааныштырат. Обама өзү болсо съезддин соңку күнү 74 миң көрүүчү баткан шаардык стадиондо эл алдына чыгып сүйлөйт.

Өткөн аптада Флориданын Тампа шаарындагы съездде республикачылар Митт Ромнинин талапкерлигин президенттик жарышка расмий жарыялашты.
Соңку сурамжылоолор боюнча эки талапкердин тең азырынча мүмкүнчүлүктөрү бирдей.