Ирактагы жардырууда 6 аскер кызматкери набыт болду

Полициянын маалыматы боюнча, Фаллуджа шаарында полициянын жетекчилеринин биринин үйүнүн жанындагы жардырууда 1 жергиликтүү тургун менен 6 аскер кызматкери өлүп, 7 киши жарадар болду.

Баш калаа Багдаддын түндүгүндөгү текшерүү бекеттеги атышууда эки аскер набыт болду.