Санкт-Петербургда 26-августта сөөгү табылган кыргызстандык делген жарандын тек-жайы азырынча айтылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын тергөө комитетинин Санкт-Петербург боюнча башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын ММК менен байланыш боюнча жардамчысы Андрей Исаев билдирди.
Анын айтымында, спирт ичимдигин ичкен кыргызстандыктар менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан.
- Эки тараптын арасында пикир келишпестик жана мушташ чыкканы белгилүү. Кимге ким биринчи кол салганын такташ керек. Каза болгон жарандын денеси медициналык экпертизадан өтүп жатат болуш керек. Экинчисинин абалы канааттандырарлык болчу, ооруканга жаткырылган, балким чыгып кеткендир.
Андрей Исаев мерт болгон жарандын кыргызстандык экенин кайдан аныкташканы тууралуу маалыматты азарынча айта албастыгын кошумчалады. Киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү Москва проспектисинде, “Макдональдс” ресторанынын артынан 26-августта табылган. (AKu)