Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга жаза көбөйдү

Жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган айдоочуларга жаза күчөтүлдү. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиев билдирди.

Мисалы, унаанын айнегин караңгылатуунун жаза пулу мурда 300 сом болсо, азыр 1000 сом же сотко өткөрүлүп берилет, ошондой эле ылдамдык боюнча жаза көбөйтүлдү.

Кылыч Мурзалиев кымбаттатуунун себеби - эреже бузууну алдын-алуу экендигин кошумчалады.

Айтымында, жазанын башка түрлөрү азырынча мурдагыдай. Эң арзан жаза - коопсуздук курун тагынбагандар үчүн 200 сом, ал азырынча көбөйгөн жок. (AKu)