Кыргызстандын 10 шахматчысы Стамбулда күч сынашат

Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиада бул жолу Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. 27-августтан 10-сентябрга чейин өтө турган мелдешке Кыргызстандын шахматчылары 26-августта жөнөп кетет. Алардын жарымы эркек, жарымы кыз-келиндер. Акыл таймашында жалпысынан 162 мамлекеттин өкүлдөрү күч сынашат. (KM)