Кыргызстан Беларустагы элчисин чакыртып алды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн Бишкекке чакыртып алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди.

"Мындан ары эки тараптуу кызматташтыгыбыз кайсы жолдо болот, ошону тактайбыз. Баардык саясый-экономикалык, маданий байланыштарга тиешелүү. Бул убактылуу нерсе. Биз белорус тараптын жообун дагы эле күтөбүз. Эгер жооп болбосо, биз аткаруучу комитетке кайрылып, эмне себептен Минск конвенциясынын шарттары аткарылбай жатат деген суроону коебуз", - дейт Аскар Бешимов.

22-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Баш прокуратурасына нааразылык айтып, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисине тиешелүү кат тапшырган.

Бир нече күн мурда интернетте Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыш жасады деп издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевдин Беларустун борбор шаарынын көчөлөрүнүн биринде ээн-эркин басып жүргөн сүрөттөрү чыккан.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска кайрылып, Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп беришин сураган. Бирок беларус тарап "Жаныш Бакиев саясый куугунтукка кептелди" деген жообун берген.

Кыргыз тарап белорус Баш прокуратурасынын мындай жообуна нааразылык билдирип, Беларус ушундай учурда эки өлкөнүн ортосундагы укуктук жардам көрсөтүү тууралуу Минск конвенциясын аткарбай жатат деп айыптаган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2010-жылдын апрелинде Бишкекте бийликке каршы митингге чыккан токсондой адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча айыптуу деп издөөдө жүрөт. Аны Интерпол да издеп жатат.

Жаныш Бакиев өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептейт. Апрел окуясынан кийин журналисттерге интервьюсунда ал Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы катары мыйзамдуу гана аракеттерге барганын айткан болчу. (RK)