Эл аралык мунапыс уюму Алепподогу жагдайга кабатыр

Эл аралык мунапыс уюму Сириянын экинчи чоң калаасы -Алепподо өкмөттүк аскерлер менен эрегишчи күчтөр ортосундагы жүрүп жаткан айоосуз согуштун айынан зобун-зордук эбегейсиз масштабга жеткенин билдирди. Уюм бүгүн жарыяланган билдирүүдө армиянын каалагандай бомба уруусунан, артиллериядан жана башка куралдардан тынбай аткылоодон карпайым калк арасында өлүм-житим көп болуп жатканы, негизинен жеңил каруу-жарак менен курланданган козголоңчулар да адамдардын өлүмүнө таасир эткени белгиленет. 2 млн. калктуу шаарда суу, нан үчүн адамдар, өзгөчө жаш балдар узак кезекке турат, көпчүлүк коопсуз жерлерди таап, баш катканга аракет кылат, деп көрсөтүлөт Эл аралык мунапыс уюмунун докладында.