Баткенде жаңы жерлер өздөштүрүлөт

Баткенде турак-жайга муктаж жаштар чек арага жакын жерге жайгаштырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Атамбек Ботоев «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет Түрк насыясынан 7,2 млн АКШ долларын Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү аймагынан 3,8 миң гектар жер аянтын жаңыдан өздөштүрүү үчүн бөлүп берди. Учурда жаңы жерди өздөштүрүү үчүн иштер башталып, 2014-жылы аяктайт. Жалпысынан турак-жайга муктаж 3,5 миң жаштар чек ара аймактарына жайгаштырылат. (JsA)