Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити учурунда жолдордо расмий делегациялардын тоскоолдуксуз жана коопсуз өтүүсүнө шарт түзүү максатында бүгүндөн тарта Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү автоунаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Ага ылайык 22-24-августта Бишкек –“Манас” аэропорту жолунда төмөнкү убактарда чектөө болот. 22-августта саат 10:00-12:00; 16:00-17:00; 18:00-19:00, 23-августта саат 15:00-18:00, 24-августта саат 16:00-18:00 чектөөлөр болот. Мындан сырткары Фучик, Жибек-Жолу, Киев, Манас, Ахунбаев, Чүй, Совет көчөлөрүндө кыска мөөнөттүү чектөөлөр болуп турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)