Мартин Демпси Ооганстанга аскерий жетекчиликтер менен жолугууга келди

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен комитетинин башчысы Мартин Демпси Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн жана ооган аскерий жетекчилер менен жолугушууга келди.

Жекшембинин түнүндө Баграмдагы базага коноордун алдында Мартин Демпси журналисттерге Ооганстанда эл аралык коалициянын аскерлерине кол салуулар күчөп бараткандыгын айтып, президент Хамид Карзайдын оогандык аскерлердин өздөрүнүн чет элдик кызматташтарына жасаган кыянатчылыгын айтыптаган билдирүүсүн кубаттады:

- Карзайдын улуттук лидер, мамлекет башчы катары жасаган билдирүүсү өтө маанилүү. Эми мындан ары президенттин айтканы ылдыйкы катмарга чейин жеткенин көрүүнү самайт элек.

Ооганстанда соңку 2 аптада эле эл аралык күчтөргө кол салуулардан 10 чет элдик аскер набыт болду. Талиптер болсо чабуулдарды мойнуна алып, өз адамдарын өкмөттүк күчтөрдүн курамдарына киргизе турганын билдирди.