Прагада гей-парадга миңдеген киши катышты

Чехиянын баш калаасындагы гомосексуал кумсалардын парадында миңдеген киши, анын ичинде АКШнын Прагадагы элчиси Норман Айзен катышты. Концерт, шоу менен коштолгон майрам түн ортосуна чейин созулуп, чыр-чатаксыз бүттү. Пост-коммунисттик өлкөлөрдүн ичинен Чех Жумурияты биринчи болуп, кумса бүлөлөргө легалдык макам берген.