Кордолгон кыздардын укугун коргоочу бирикме түзүлөт

Чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активист аялдар кордолгон кыргыз кыз-келиндеринин укугун коргоочу бирикме түзүп жатышат. Бул тууралуу демилгечилердин бири, Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айшат Ботобекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай уюм түзүүгө соңку мезгилде Орусияда кыргыз кыз-келиндеринин кордолушу себеп болгон.

Демилгечилер зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, алардын балдарына укуктук жардам көрсөтүп, курулай «патриотторду» жазалоону көздөшөт. Чет жерде иштеген кыргыз аялдары чогулткан каражаттын эсебинен аймактардагы мектептерде, жамааттарда семинарлар өткөрүлмөкчү. 17-августта демилгечилердин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда бирикменин аты белгилүү болмокчу. (KKs)