Аталган банк тараткан билдирүүдө ушу тушта айрым маалымат каражаттары рекламалап жаткан “Элдик ипотека” лицензия ала электиги, мындан улам турак-жай үчүн сактык кассасы катары иштей албай турганы айтылат. Эгер жабылып калса жарандар акчасын кайтарып алалбай каларын эскертти.
Маалыматка ылайык, өткөн айда “Элдик ипотека” сактык кассасы каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине кайрылган. Бирок документтери кыргыз мыйзамдарына туура келбегендиктен кайра кайтарылган. Алар экинчи ирет кайрылган эмес. (EBM)