“Ата Мекен” өкмөттү кетирүүнү талкуулап жатат

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча талкуу курууда. Кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин билдиришинче, жыйынга 18 депутаттын 11и катышып жатат. Калгандары иш сапарда жүрөт деп маалымдалды.

Аталган фракция өкмөттү экономика, жемкордукка каршы күрөш жаатындагы реформа жасай алган жок деп сындап жатат.

Ушул эле маселени бүгүн түштөн кийин "Ар-намыс" фракциясы талкуулайт. Кечке жуук Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да жыйынга чогулмакчы. (EBM)