Ооган бийликтери Талибандын мурдагы колбашчысы менен жолуккан

Рейтер агенттигинин кабарына караганда, ооган президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Рангин Спанта Талибандын мурдагы башчыларынын бири Молдо Абдулл Гани Барадар менен жашыруун кездешкен.

Барадар 2010-жылы Карачи шаарында АКШ жана Пакистан күчтөрү тарабынан кармалгандан бери камакта болчу. Пакистандын ички иштер министри Абдул Малик жолугушуу болгондугун ырастады.

Барадар Талибандын жолбашчысы Молдо Омордун жакын адамдарынын бири болгон. Ооганстандын расмий өкүлдөрү ал өкмөт менен Талибандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр тездешине олуттуу салым кошо алабы деп үмүттөнүшүүдө.
(UE)