Апта-маанай (5-11-август)

Орусияда жол кырсыгында беш кыргызстандык мерт болду. Баары Ош облусунда туулгандар экени аныкталды.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы жетекчилерине карата сот жараяны 10-августта башталды.

Электр станциялары ААК 7-августка карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд. куб метр көлөмдөгү суу бар экенин жарыялады. Бул былтыркы жылга караганда бери дегенде 2 млрд. куб метрге аз.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп алды.

Сириянын өкмөт башчылыгына эки ай мурда эле дайындалган Рияд Хижаб өзүнүн гана эмес, бир туугандарынын үй-бүлөсү менен бирге өлкөдөн качып чыгып, оппозицияга тилектештигин билдирди.

Сириянын экинчи ири шаары болгон Алеппо үчүн согуш ушул аптада да уланды. БУУнун маалыматы боюнча, Сирияда 17 айдан бери тынчыбай жаткан кандуу булоондо 19 миң адам набыт болгон.

6-августта Кумтөр кенинин алтын алууга даярдалып жаткан бир бөлүгүндө иш токтоду. Ишкананын профсоюз уюму андагы 120 адам ишсиз калуу коркунучуна кабылганын билдирди.

Татарстанда кичинекей балдарды дээрлик он жыл жер астында кармаган исламдык сектага каршы кылмыш иши козголду.