Freedom House казак журналистинин сабалышына кабатыр

Казак журналисти Уларбек Байтайлак 8-августтун түнү Астананын чет жакасында үйүнөн алыс эмес жерде катуу токмоктолгон. Ал оппозициялык “Дат”, “Төртүнчү бийлик” гезиттери жана “Алтын тамыр” журналы менен кызматташып жүргөн. Журналисттин сабалышы факты боюнча полиция кылмыш ишин козгоду. Freedom House укук коргоо уюму Казакстан бийлигин бул ишти тыкыр, калыс иликтөөгө чакырды.