Багдаддагы жардыруудан шийилер мерт болду

Багдаддын шийилер жашаган бөлүгүндө кечээ кечинде бомба жарылуусу кеминде 11 кишинин өмүрүн кыйды. Дүрмөттөлгөн машина шийи зыяратчылары имам Алинин күнүн белгилөөгө чогулуп жаткан кезде, иптардын жуп алдында жарылган. Полиция менен доктурлардын маалыматына ылайык, кол салуудан дагы 20дай киши жарадар болду.