Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу 2 миң доллар доолап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган адам мындан мурдарак 1 миң доллар алган. Учурда кылмыш иш козголуп тергөө жүрүп жатат.
Өткөн айларда аталган облустагы Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасы да пара боюнча кармалган болчу. (EBM)
Өткөн айларда аталган облустагы Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасы да пара боюнча кармалган болчу. (EBM)