Орусия ИИМи: Чеченстанда аскерий унаа жардырылган

Орусиянын ички иштер министрлиги Чеченстандагы окуя боюнча жаңы билдирүү таратты. Ички аскерлердин маалымат кызматынын жетекчиси Василий Панченковдун билдиришинче, Грозныйда ичинде аскер кызматкерлери кетип бара жаткан, брондолгон машине жардырылган. Анын кесепетинен үч киши мерт болуп, үчөө жарат алышкан.

Буга чейин Орусия ИИМи террористтик кол салуу туурасында сөз болушу мүмкүн эместигин билдирген. Алар төрт аскер кызматкери аймакта пландуу түрдө миналарды зыянсыздандыруу учурунда өлүмгө кабылганын айтышкан эле.