Түркиянын ички иштер министри эки жуманын ичинде күрттөр басымдуулук кылган түштүк аймакта жүргүзүлгөн аскердик рейд учурунда 115 күрт козголоңчу жок кылынганын маалымдады. Идрис Наим Сахиндин айтымында, 22-июлда башталган операция Ирак менен чек арадагы Семдинли шаарына жакын жерде болгон. Кечээ күрт козголоңчулары аскердик 3 блокпостко кол салып, аскерлер менен кармашта 6 жоокер жана 14 козголоңчу ажал тапты.