Лондон 2012: Көбөнов менен Эралиев мелдештен чыкты

Лондон олимпиадасында алгачкы беттешүүсүндө жеңилип, кийин сооротуучу айлампага чыккан кыргызстандык балбандар Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев ийгилик жарата алышкан жок. Сооротуучу айлампада 74 килограммдык салмактагы Көбөнов белорусиялык Аляксандр Кикиниоуго утулса, 55 кг. салмакта Арсен Эралиев венгриялык Петер Модоско жеңилди. (KKs)