Кыргызстандык жөө күлүк маарага 60-болуп келди

Лондондогу олимпиадада 42 чакырым, 195 метрлик марафон жарышына түшкөн кыргызстандык Юлия Андреева-Архипова маарага 60-болуп келди. Олимпиаданын расмий сайты маалымдагандай, бүгүнкү марафонго жалпы 108 атлет кыз-келин катышты. Жарыштын жыйынтыгында алтын медалды эфиопиялык, күмүштү кениялык, коло медалды болсо орусиялык атлет кыздар алып кетти. (KKs)