Бүгүн Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде велотур өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, АКШ жана башка өлкөлөрдөн 250 адам катышууда. Велотурдун катышуучулары Балыкчыдан Кызыл-Туу айылына чейин барышат. Биринчи келгендерге баш байге катары тоодо жүрүүчү велосипед ыйгарылат. Аларды уюштуруучулар, колдоочулар тобу, тартип коргоо жана тез жардам кызматкерлери коштоп жүрөт. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышууда.
Велотурду өткөрүү демилгесин кыргызстандык активисттер Атай Садыбакасов жана Нурбек Тойчубеков туризм тармагын жана велоспортту өнүктүрүү максатында көтөрүп чыккан. (КЕ)
Велотурду өткөрүү демилгесин кыргызстандык активисттер Атай Садыбакасов жана Нурбек Тойчубеков туризм тармагын жана велоспортту өнүктүрүү максатында көтөрүп чыккан. (КЕ)