ИИМ: Соодагерлерди тоногон факт иликтенүүдө

Казакстандан Кыргызстанга келаткан ишкерлерди тоноо фактысын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иликтөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бүгүн кабарлады.

Казакстандан Бишкектеги "Дордой" базарына келаткан соодагерлер менен жүргүнчүлөрдү белгилсиз адамдар тоноп кеткени тууралуу маалымат 3-августта социалдык түйүндөрдүн биринде жарыяланган. Анда белгисиз адамдардын куралчан экени, кичи автобустун айдоочусу жабыркаганы белгиленген.

ИИМдин басма сөз өкүлү Осмонбаев мындай факт чындыгында болгондугун, бирок соодагерлер арыз берүүдөн баш тартып жатышканын кабарлады. Канча чыгым тартышканын да ачык айтышкан эмес. Маалыматка ылайык, соодагерлер Казакстан менен Орусиянын жарандары.

ИИМ учурда өз алдынча иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)